Вирус
From Wikipedia, the free encyclopedia
Вирус — башка организмдердин тирүү клеткаларынын ичинде гана көбөйүүчү кичинекей жугуштуу агент. Бактериялардан айырмаланып, клеткалардан сырткары чөйрөдө өспөйт. Вирустар медициналык изилдөө, эксперимент үчүн жаныбар жана өсүмдүктөрдүн организминде, тирүү сакталган клетка менен тканда жана башка өстүрүлөт. Вирустук жугуштуу оорулар кеңири таралган. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский 1892-ж. башка бактериялар өтпөй турган чыпкадан өтүп кетүүчү эң майда микроорганизмдер вирус экендигин аныктаган.
Вирус | ||||||||
Ротавирус. | ||||||||
Илимий классификация | ||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| ||||||||
Эл аралык илимий аталышы | ||||||||
Viruses [1] | ||||||||
Отряды | ||||||||
| ||||||||
|
Вирустар — тирүү организмге таандык болгон бардык касиеттерге (тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана сырткы чөйрөнүн шартына карата ыңгайлануу) ээ жөнөкөй организм. Башка тирүү жандуулардан көбөйүшү боюнча айырмаланат. Вирустар клеткадан сырткары (тынч абалдагы) жана клетканын ичинде (көбөйүүчү) жашайт. Вирустардын бөлүкчөлөрүнүн (вириондордун) клеткадан сырткаркы абалында эч кандай тиричилик белгилери туюлбайт. Вириондор клеткалардын ичине киргенден кийин гана алардын тынч абалы бузулуп, көбөйүү жолуна өтөт. Вирустарды жана алардын түзүлүшүн электрондук микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө болот. В-дын көлөмү ар кандай: чечектин козгогучу чоң (400—700 нм), ал эми энцефалиттин, полиомиелиттин, шарптын козгогучтары эң эле кичине (20— 30 нм). Алар төрт чарчы, таякча, шарча жана жипче сыяктуу формада, бактериофагдар көнөк башка окшош болот. Эң жөнөкөй вирус белоктордон жана нуклеин кислоталарынан турат. Адамдын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана бактериялардын клеткалары 2 түрдүү нуклеин кислотасынан (ДНК жана РНК) турат. Ал эми Вирустар бир гана (ДНК же РНК) нуклеин кислотасынан турат. Вирустардын түрүнө жараша андагы белоктор ар кандай түзүлүштө жана татаалдыкта болушат. Татаал түзүлүштүү Вирустар белок жана нуклеин кислотасынан башка углеводороддордон, липиддерден турат. Көпчүлүк В-дын составында ферменттер да болот. Нуклеин кислотасы Вирустардын тукум куугуч жана оору пайда кылуучу касиетин белгилеп, алардын өзгөчөлүктөрүндө чоң мааниге ээ, ферменттер болсо көбөйүүдө катышат.