From Wikipedia, the free encyclopedia
Электрондук окуу куралы - салттуу кагаз китептерге караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ. Мисалы: 650 мегабайт көлөмүндөгү бир компакт-дискке (СD-ROM) 400 томго жакын китептердин тексти батат. Электрондук окуу куралы практикалык жактан да түбөлүктүү, айрылып, эскирип калбайт, аз гана орун ээлеп, алып жүргөнгө да ыңгайлуу. Алардын колдонулушу да вариативдүү: текстеринин шрифтеринин өлчөмүн, түсүн каалагандай өзгөртүп алууга, ал эми мазмунун окутуунун максатына ылайык ар дайым толуктоо, оңдоо, түзөөгө мүмкүн. Ошондой эле зарыл учурда принтердин жардамы менен окуу китептин кайсы бир бөлүгүн же толук баарын каалаган форматта чыгарып алууга да Stylus тибиндеги машиналык котормочунун жардамы менен окуулуктун тексттерин башка тилге да оңой эле оодарып алууга да болот. Электрондук окуу куралы окутуу жараяныда мугалимди да сабакка окуулукка кошумча көп сандаган окуу куралдарын, карточкаларды тексттерди кыркып даярдап келүү сыяктуу бир катар түйшүктөрдөн куткарат. Электрондук окуу куралы мындай материалдарды башка электрондук китепканалардан, китептерден, журналдардан интернет аркылуу оп-оңой эле кошо алат. Демек, электрондук окуу куралы билимдин мазмунун жыл өткөн сайын өнүктүрүп, өстүрүп туруу үчүн өтө ийкемдүү.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.