![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/5/53/CBF_logo.svg.png/640px-CBF_logo.svg.png&w=640&q=50)
Бразилия улуттук футбол курамасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама. Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.
Бразилия улуттук футбол курамасы | |||
---|---|---|---|
Лакап аттары | Verde-Amarela (сары-жашылдар) Seleção (Тандалмалар) Pentacampeone (Беш жолку жеңармандар) | ||
Конфедерациясы | КОНМЕБОЛ | ||
Федерациясы | Бразилия футбол конфедерациясы | ||
Башкы машыктыруучусу |
![]() | ||
Капитаны | Тиаго Силва | ||
Эң көп оюн саны |
Кафу (142)[1] | ||
Мыкты бомбардири |
Пеле (77)[1] | ||
ФИФА рейтинги | 3 (5-июнь 2014) | ||
ФИФА коду | BRA | ||
| |||
Биринчи оюну![]() ![]() (Буэнос Айрес, Аргентина; 20-август, 1914) | |||
Эң ири жеңиши![]() ![]() (Мехико, Мексика; 17-октябрь, 1975) | |||
Эң ири жеңилүүсү![]() ![]() (Винья-дель-Мар, Чили; 18-сентябрь, 1920) ![]() ![]() (Белу-Оризонти, Бразилия; 8-июль, 2014) | |||
Дүйнө кубогу | |||
Катышуусу | 20 (биринчи жолу 1930-жылы) | ||
Жетишкендиктери | ![]() 1994, 2002-жж. чемпиондор | ||
Футбол боюнча Америка кубогу | |||
Катышуусу | 31 (биринчи жолу 1916-жылы) | ||
Жетишкендиктери | ![]() 1999, 2004, 2007-жж. чемпиондор |
Спорттук сыйлыктар | ||
---|---|---|
Футбол боюнча дүйнө чемпиондуктары | ||
Коло | Франция 1938 | |
Күмүш | Бразилия 1950 | |
Алтын | Швеция 1958 | |
Алтын | Чили 1962 | |
Алтын | Мексика 1970 | |
Коло | Аргентина 1978 | |
Алтын | АКШ 1994 | |
Күмүш | Франция 1998 | |
Алтын | Жапония/Түштүк Корея 2002 | |
Конфедерациялар кубоктору | ||
Алтын | Сауд Арабиясы 1997 | |
Күмүш | Мексика 1999 | |
Алтын | Германия 2005 | |
Алтын | ТАР 2009 | |
Алтын | Бразилия 2013 |
Олимпиада сыйлыктары | ||
Футбол | ||
Күмүш | Лос-Анжелес 1984 | |
Күмүш | Сеул 1988 | |
Коло | Атланта 1996 | |
Коло | Пекин 2008 | |
Күмүш | Лондон 2012 |
Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда; Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.
Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).
Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.
Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч; команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ)[1].
Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү[2].
Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи[2].
Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.