![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/7b/Kyrgyzstan_location_map.svg/langky-640px-Kyrgyzstan_location_map.svg.png&w=640&q=50)
Баетов (Ак-Талаа району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Баетов (1980-жылы чейин Дөрбөлжүн аталган) — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Баетов айыл аймагына кирет.
Ыкчам фактылар
Отурукташкан жай
Баетов
|
Жабуу
Терек суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Бишкектен 490, Балыкчы бекетинен 310км түштүк батышында, Нарындан 120км батыш тарапта жайгашкан. Калкы 9399 (2002-жылы). Айылда темир бетон буюмдар, сүт, нан заводдору иштейт. Үч фельдшер-акушердик пункт, дарыкана, бейтапкана, борборлоштурулган оорукана, 5 мончо, клуб, кинотеатр, маданият үйү, 4 орто мектеп, 1 кесиптик-техникалык окуу жайы, АТС, көптөгөн соода уюмдары, суу түтүктөрү жана башкалар бар. Айыл Муса Баетовдун ысымынан аталган.