![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/1/19/Babur.2.jpg/640px-Babur.2.jpg&w=640&q=50)
Бабур
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бабур Захиреддин Мухаммад (14-февраль 1483-жылы Андижанда туулган - 26-декабрь 1530-жылы Индияда Аграда каза болгон) – Индиядагы Улуу Моголдор сулалесин (династиясын) негиздөөчүсү. Орто Азиядагы чагатай ж-а фарсы тилинде жазган акын, тарыхчы жана ойчул, Тимурийлердин Ферганадагы дубанын башкаруучусу Омор Шейх мырзанын уулу. Он эки жашында атасынын ордуна тактыга отурган. 1504-ж. Шейбани хандын тушунда көчмөн өзбек уурулары Орто Азиядан кууп чыккандыктан, Ысар (Гиссар) тоолору аркылуу Ооганстанга кетүүгө аргасыз болгон. Кабулдан (Ооганстан) Түндүк-Батыш Индияга (1519-жылдан тартып) жортуул жасап, ал жерде Улуу Моголдор сулалесин (1526-1858) негиздеген. 1493-жылдан 1525-жылга чейинки окуяларды камтыган мемуардык “Бабур-наама” деген китеп жазган. Бабурдун калеминен ошондой эле Орто Азиядагы түркий тилде жана аз болсо да фарсыча жазылган ырлар диваны, “Аруз жөнүндө макала” деген ыр жазуу өнөрү тууралуу эмгек жаралган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/1/19/Babur.2.jpg/320px-Babur.2.jpg)
Бабурдун Ош шаарындагы айтылуу Сулайман тоого салдырган кужурасы (чакан ак там) 1962-ж. атеисттик өнөктүктүн айынан буздурулган. Советтер Биримдигинин бийлиги кулап, Кыргызстан эгемендик дооруна жеткен соң, бул үй кайра калыбына келтирилген. Ага келип зыярат кылгандардын бири – Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Беназир Бхутто айым болгон.
Бабур Тимуриддер тукумунан жана Барлас уруусунан. Бартольддун пикиринде Бабурдун эли моголдор, монгол тилдʏʏ эл болгон. Бабурдун атасы- Омар Шейх Мирза –Абу Сеид Мирза –Султан Муххамед Мирза-Миран -шах – Тамерлан , 1494-1504-жылдары Фергананын, 1504-1526-жылдары Кабулдун, 1526-жылы Хиндустандын башчысы болгон.