From Wikipedia, the free encyclopedia
«Бабур-наама» - Бабур Захир ад-Диндин автобиографилык жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. Бабурдун өмүр баяны жана тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526-30-жылы жазылган. Ал эмгекте 1493-1529-жылы Орто Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын жана башка чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер менен Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара жана башка) көрүнүшү, архрасы сүрөттөлүп, Сырдарыя, Жетисуу боюн мекендеген элдер, Азия менен Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. Ошондой эле Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү жана сүйүү сезимине арналган, ошондой эле кээде философиялык көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-ж. Казан шаарында, 1905-жылы А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Бабур - наама» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-жылы «Бабур-нааманын» 460 жылдыгы эл-аралык деңгээлде майрамдалып, Ташкенде «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.
Бул макаланы «Бабур-Наама» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.