![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/ff/Burning_truck_bishkek_protests.jpg/640px-Burning_truck_bishkek_protests.jpg&w=640&q=50)
Апрель революциясы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Апрель революциясы, расмий түрүндө ― Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/ff/Burning_truck_bishkek_protests.jpg/640px-Burning_truck_bishkek_protests.jpg)
Апрель революциясы | |
Burning truck bishkek protests.jpg | |
Өлкө | |
---|---|
Датасы | |
Себептери |
|
Негизги максаты |
К.Бакиевдин тобун (бийлигин) кулаттуу |
Жыйынтыгы |
Убактылуу бийликке Р.Отунбаева олтурган. |
Жыйынтыктары |
Ишкана, Дүкөндөр жабыр тартып, Өлкөнүн түштүгүндө жарандык уруш болуп, Ош окуясы тутанган |
Каза болгондор |
87 адам (7-апрель) |
Жаракат алгандар |
Анык саны такталбаган.(белгисиз) |
Камакка алынгандар |
97 адамга (кылмыш ишин козгогон) |
Оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жыйынтыгында Бакиевдин бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.
Толкундоолор 6-апрель күнү 2010-жылы Талас шаарында башталып, коопсуздук кучтөрү менен кагылышууга алып келген. Кийинки күнү Кыргызстандын бардык аймагын кучагына алып, эл президент Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылган. Көптөгөн маанилүү имараттарын элдин колуна өтүшү менен Бакиев өзүнө кол чогултуу үчүн түштүктү көздөй качат.
Министрлер кабинети отставкага кетет, бийликти Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн колуна өтөт. 15-апрелде Бакиев Кыргызстандан качып, коңшу Казакстанга барат. Ал жактан отставкага кеткендиги тууралуу арыз жазган. 19-апрель күнү Беларусияга качат, ал жактан президент Александр Лукашенко баш паанек берген.
Убактылуу өкмөт Бакиевди массалык өлтүрүүлөрдү уюштургандыгы жана бийликти толугу менен басып алгандыгы үчүн айыптап, 22-апрелде жаңы конституциянын иштеп чыгуу маселесин карап, аны референдумга коюу жана 2010-жылы октябрь айында парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу маселелерди караган.