![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/99/Ala-Buka_central.jpg/640px-Ala-Buka_central.jpg&w=640&q=50)
Ала-Бука району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ала-Бука району - Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-ж. апрелде, Кызыл-Жар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал району кошулган. 1963-ж. Жаңы-Жол (Аксы) району менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, батышынан Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аянты 3 миң км2. Калкы 116 249 (2023)[1]. Райондо 42 кыштак, 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Ала-Бука кыштагы. Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Рельефи негизинен тоолуу. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Кабасай кендеринин мааниси зор. Курулуш материалдарына да бай.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
116 249[1] |
Улуттук курамы | |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • өрточо бийиктиги • Эң төмөнкү чекити | |
Телефон коду |
+996 3741 |
Расмий сайты | |