Африка
материк / From Wikipedia, the free encyclopedia
Африка, (лат. кыр. Afrika) дүйнөдө чоңдугу боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 29,3 млн км2 (аралдары менен 30,3 млн км2). Калкы 896,7 млн (2005). Батышынан Атлантика океаны, түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Инди океаны жана Кызыл деңизи менен чулганат. Суэц мойногу аркылуу Азия менен туташып, кууш (13 км) Гибралтар кысыгы аны Европадан бөлөт. Африканын эң түндүк учу - Эль-Абьяд тумшугу, түштүк чети - Ийне тумшугу, батышы - Жашыл Тумшук жарым аралындагы Альмади тумшугу, чыгышы - Сомали жарым аралындагы Рас-Хафун тумшугу. Жээктери көбүнчө тоолуу, ыңгайлуу булуң-буйтка аз; эң чоң булуңдары - Гвинея, Сидра. Эң ири жарым аралы - Сомали. Африкага (дүйнө бөлүгү катары) таандык аралдар: чыгышында - Мадагаскар, Комор, Маскарен, Амирант, Сейшель, Пемба, Мафия, Занзибар, Сокотра; батышында Мадейра, Канария, Жашыл Тумшук, Аннобан, Пагалу, Сан-Томе, Принсипи, Фернандо, По, Биоко, алыскы аралдары - Вознесение, Ыйык Елена, Тристан-да-Кунья. Геологиялык түзүлүшү боюнча Африка - негизинен кембрийге чейинки платформа. Анын фундаменти Нубия-Араб, Ахаггар, Регибат жана башка калкандарда жер бетине чыгып жатат. Африканын түндүк-батышындагы Атлас тоолорунун ички бөлүгү жана материктик түштүгүндөгү Кап тоолору герцин, ал эми Атлас тоолорунун түндүк тармактары альп бүктөлүүлөрүнө таандык. Дүйнөлүк маанидеги кен байлыктары: алмаз (Түштүк жана Батыш Африка), алтын, уран (Түштүк Африка), темир, алюминий (Батыш Африка), жез, кобальт, бериллий, литий (негизинен Түштүк Африка) рудалары, фосфорит, нефть, табигый газ (Түндүк жана Батыш Африка).
Африка | |
Африка жарым шаардагы картада | |
Аянты |
30 221 532 км² |
---|---|
Калкы |
1,1 млрд (2013)[1] адам |
Жыштыгы |
30,51 адам/км² |
Этнохороними |
африкалыктар |
Курамында |
55 өлкө[2] |
Көз каранды өлкөлөр |
List
|
Тилдери | |
Убакыт аралыгы |
UTC-1 — UTC+4 |