Түштүк Америка өлкөлөрүнүн жана көз каранды аймактарынын тизмеси
From Wikipedia, the free encyclopedia
Түштүк Америкада 12 эгемендүү мамлекет жана 3 көз каранды аймак жайгашкан. Батышынан Тынч океанынын түндүгүнөн жана чыгышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганып турат, түндүк-батышында Түндүк Америка жана Кариб деңизи орун алган.
Түштүк Американын аянты болжол менен 17,840,000 чарчы километр (6,890,000 чарчы миль) же жер бетинин дээрлик 3,5% түзөт.
2018-жылга карата алынган маалыматтардын негизинде калкынын саны 430 миллион адамдан ашкан. Түштүк Америка аянты боюнча бардык континенттердин ичинен төртүнчү орунда (Азия, Африка жана Түндүк Америкадан кийин) жана калкы боюнча бешинчи орунда (Азия, Африка, Европа жана Түндүк Америкадан кийин) турат.
Түндүк менен Түштүк Американын чек арасы географиялык жактан Панама мойногу аркылуу өтөт, бирок атластарда жана башка булактарда эң көп кездешкен маалыматтарга ылайык Колумбия жана Панаманын чек арасы боюнча бөлүнгөн, дээрлик бардык атластарда Панама толугу менен Түндүк Америкага жана/же Борбордук Америкага кирген мамлекет катары көрсөтүлгөн.