Үч-Турпан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Үч-Турпан — Шинжаңын Ак-Суу аймагынан ооданы.
Чыгыш Түркстандагы орто кылымда шаар болгон. Кытайча Пенчул-Выньсу деп аталган.
«Худуд ал-Аалам» эмгегинде: «Пенчул (Үч-Турпан) халлуктар (карлуктар) жайгашкан аймактан орун алган, эзелки убакта анын бийлик ээси тогуз огуздар эле, азыр аны хырхыздар (кыргыздар) бийлеп жатышат» деген маалымат бар. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 9-кылымдын аягында эле Жети-Суу аймагынын этегинде, башкача айтканда Чыгыш Теңир-Тоодо жашашкан.