Чаң
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чаң — абада калкып жүргөн катуу заттардын бөлүкчөсү. Табигый жана жасалма, минералдык жана органикалык, өндүрүштүк жана тиричилик чаңдары болушу мүмкүн.
Чаң тектер үбөлөнгөндө (айрыкча чөлдүү аймактарда), жанар тоо атылганда, айдоо жерлерде шамал эрозиясы жүргөндө, ө. ж. ишканалары иштегенде абага көтөрүлөт. Абада, о. эле космостук, биол. катуу бөлүкчөлөр (өсүмдүк чаңчалары, споралар, микроорганизмдер ж. б.) да болот. Чаңдын негизги бөлүгү атмосферада 500 м бийиктикке чейин болот. Таза абада (шаардын четинен сырткары) 1 см3 абада бир нече ондогон чаң бөлүкчөлөрү, өнөр жайлуу райондордо жүз миңдеген чаң бөлүкчөлөрү болушу мүмкүн.
Чаң атмосферанын тунуктугун жана жылуулук касиеттерин өзгөртөт. Чаң көбөйгөндө (түтүн менен кошо) булганыч абанын (смогдун) пайда болушуна шарт түзөт. Өндүрүштүк чаңга айрыкча шаарларда жана өнөр жайлуу региондордо каршы күрөшүү - атмосфераны жана айлана чөйрөнү булгоодон сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.