Чагатай улусу
тарыхый мамлекет. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Чагатай улусу же Чагатай хандыгы (1224–1348) – мурас бөлүштүрүүдө (1224) Чыңгыз хандын уулу Чагатайга жана анын урпактарына тийген Борбор Азиядагы аймак. Ал аймакка Мавераннахр, Жетисуу, Кашкар кирген. Ясы жол-жоболоруна ылайык Чагатайга 8 миң аскер бөлүнүп, Улуг-Иф (Чоң үй) менен Алмалыктын батышындагы Куяш улус борбору болуп жарыяланган.