![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/74/Cookeite2.jpg/640px-Cookeite2.jpg&w=640&q=50)
Хлориттер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Хлориттер - тоо тек пайда кылуучу минералдардын слюда сымалдар тобу.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/74/Cookeite2.jpg/640px-Cookeite2.jpg)
Катмарлуу силикаттар классчасына кирет. Курамында жегичтер менен Са болбойт. Бүртүкчөлүү, кабырчыктуу масса түрүндө. Өңү күрөң-жашыл, айрымдарыныкы ак, сары, кызгылтым жана кара. Катуулугу 2-3, тыгыздыгы 2,7-3,2 г/см3. Хлориттертин жука катмарчасы ийкемдүү, бирок серпилгичтик касиетке ээ эмес. Жаратылышта кеңири таралган.Негизинен гидротерм процессинен жана метаморфизмден пайда болот. Темирлүү Хлориттер (шамозит, тюрингит) темир кенташтарынын курамына кирет.