From Wikipedia, the free encyclopedia
Ханчжоу — Кытайдын чыгышындагы шаар. Чжэцзян провинциясынын адм. борбору.
Отурукташкан жай
Ханчжоу
|
Фучуньцзян дарыянын чатында жана Улуу Каналдын боюнда жайгашкан. Калкы 1,9 млн (2010; агломерациясы менен 5 млн). Ири жол тоому жана т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Чыгыш Кытай деңизиндеги порточо 2012-жылдан метрополитен иштейт. Био-, маалымат технологиялары ж. б. тармактар боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. Электр-техникалык, химиялык, телекоммуникация жабдуулары, текстиль (кылторко, жибек, жут, кендир), тамак-аш (шалы актоо), куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор, музейлер (Кытай улуттук чай), эс алуу парктары, табигый-тарыхый эстеликтер (Баочу пагодасы, Юэ Фей мавзолейи) ж. б. сакталган. Б. з. ч. 3-кылымда негизделген. 12-13-кылымда (1129-1279-ж.) Түштүк Сун династиясынын борбору болгон. Негизги кооз жерлери - Сиху көлү, анын түндүк бөлүгүндө Гушань тоосу орун алган. Анын каптал беттеринде парк арх-ра ансамблдери (Сун Ятсен атындагы парк, Цинь династиясынын императорлорунун байыркы сарайы, Вэньланьгэ китеп сактоочу жайы ж. б.) жайгашкан. Туризм өнүккөн. Шаар чай плантациялары менен белгилүү. Климаттык курорточо
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.