From Wikipedia, the free encyclopedia
Формальдегид (лат. formika - кумурска альдегиди) - түссүз, кескин жыты бар газ, айлана чөйрөнү булгоочу кеңири тараган зат.
Анын негизги булагы - химиялык жана металлургия өнөр жай, курулуш материал жана полимер өндүрүшү, автомобиль транспортунан бөлүнгөн түтүн ж. б. Дүйнө жүзүндөгү шаарлар боюнча алганда Формальдегиддин жылдык орточо концент. 5-10 мкг/м3, бирок Париж шаарында (автомагистраль тушунда) 41120 мкг/мРоттердамда 7,4 мкг/м3, Германиянын шаарларында 7-12 мкг/м3, Италияныкында - 7,1 мкг/м3, Лож-Анжелесте (АКШ) 18,5 мкг/м3, Токиодо (Япония) 8,5 мкг/м3 ж. б. Формальдегиддин жогорку концент-сы курулуш материалдары сакталган кампалардын абасында, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн бөлмөлөрүндө, тамеки тарткан жайларда болот. Ал жерлерде көрсөткүч 160-240 мкг/ж3ге жетет. Агын сууларга иштетилген коммуналдык жана өндүрүш суулары, алар менен кошо уулуу (токсиндүү) заттар кошулат. Булар аллергендик, мутагендик, сенсибилизациялык, канцерогендик касиетке ээ. Алар көзгө, дем алуу ж. б. органдарга терс таасир тийгизет, к. Булгоочу заттар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.