Фейсалабад
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фейсалабад (мурдагы Лайалпур)Пакистандагы шаар, Фейсалабад округунун адм. борбору (Пенжаб провинциясында). Калкы 2,9 млн (2010).
Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Айыл чарбалуу аймактын (пахта, дан, бал камыш, жашылча-жемиш ж. б.) ири соода борбору. Кебез кездеме токуу, текстиль, тамак-аш, химиялык, дары-дармек, машина куруу, металл иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. ЖОЖдор (а. и. Фейсалабад университети), театрлар, музейлер ж. б. бар. Жемиштери (алма, банан, апельсин, мандарин ж. б.) менен белгилүү. 1895-ж. негизделген.