![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a7/PharmacistsMortar.svg/langky-640px-PharmacistsMortar.svg.png&w=640&q=50)
Фармация
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фармация — дарыларды издеп табуу, изилдөө, аларды даярдоо, сактоо жана берүү, дары менен камсыз кылууну уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүчү илимий-практикалык тармак. Фармакология илими менен бирдикте дарылар жөнүндөгү окууну түзөт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a7/PharmacistsMortar.svg/320px-PharmacistsMortar.svg.png)
Фармацияга фармацевтикалык химия, дарылардын технологиясы жана дары формалар, соттук химия, фармакогнозия жана башкалар кирет. Фармациянын келечектеги багыты — биоформация. Фармацевттик мекемелерге илим изилдөө институттар, дарыларды даярдоочу лаборатория жана ишканалар, дары өсүмдүктөрдү чогултуу жана иштетүүнү жетектеген мекемелер, аптекалар жана дары сактоочу жайлар кирет. Фармация боюнча адистер фармацевт деп аталат.