![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3c/Dostoevsky_1872.jpg/640px-Dostoevsky_1872.jpg&w=640&q=50)
Фёдор Достоевский
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фёдор Михайлович Достоевский (орусча:Фёдор Миха́йлович Достое́вский 30-октябрь [11-ноябрь] 1821, — 28-январь [9-февраль] 1881) — белгилүү орус жазуучусу,ойчулу.[1]
Фёдор Михайлович Достоевский ![]() | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Фёдор Михайлович Достоевский |
Туулган жылы: | 30-октябрь [11-ноябрь] 1821 |
Туулган жери: | Москва |
Өлкө: | Орусия империясы |
Каза болгон: | 28-январь, 1881 (59 жашында) |
Ишмердүүлүгү: | Прозаик,философ |
Таанымал Чыгармалары: | Көк Мээ Кылмыш ж-а Жаза Биртууган Карамазовдор |
Жанры: | Роман,аңгеме,эссе |
Кол тамгасы: | ![]() |
Ал чыгармаларында 19-кылымда социалдык,саясый жана руханий жактан олку солку болуп турган Орусиядагы адамдардын психологиясын кеңири сүрөттөгөн. Каармандардын басымдуу бөлүгүн ит минген кедейчиликте жашагандар түзөт. Достоевский 1850-жылдын ортолорунда эле китеп жаза баштаган бирок ал эң окумдуу жана таанымал эмгектерин өмүрүнүн аяк чендеринде жазган. Булардын катарында Көк Мээ, Кылмыш ж-а Жаза жана Биртууган Карамазовдор бар. Ал бардыгы болуп 11 роман, 3 повесть, 17 кыска роман жана 3 эссе жазган. Адабият сынчылары аны дөйнөлүк адабияттын эң зор жана эң көрүнүктүү психологу деп баа берип келишет.[2]
Москвадагы Маринский бейтапканасында жарык дүйнөгө келген. Ал кичине жашынан эле жомок жана легендаларды угуп, ошону менен бирге орус, англис, француз жана немис авторлорунун китептери менен да таанышкан. 1837-жылы апасынын капыстан көз жумушу аны мөңкүрөтөт. Ошол жылы эле мектепти таштап Николаев атындагы аскерий инженердик институтка кирет. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин инженер болуп иштей баштайт. Кийинчерээк кошумча киреше үчүн китеп которот. 1846-жылы биринчи романын, Бечара кишилерди жазат. Бул романга адабий сынчылар оң баа берип, элге кадыресе тааныла баштаган. 1849-жылы Петрашевский түзгөн топко аралашканы үчүн кармалып, аны менен бирге бир канча киши атууга өкүм кылынат. Бирок кийин Достоевскийдин жазасы жеңилдетилип, Сибирьге сүргүнгө айдалат. Сүргүндөн кийин аны армия жаатында иштөөгө мажбурлашып, катардагы жоокер болуп 5 жыл кызмат өтөйт бирок ден-соолугу начар болгондуктан армиядан куулуп, адабий эмгектерин уланта баштайт.