From Wikipedia, the free encyclopedia
Үзейирбек Абдылкусейин уулу Ажыбеков (5(17).09.1885, Шушага жакын Агжабеда кыштагы 23.11.1948, Бакы) — композитор жана коомдук ишмер, азербайжан профессионал музыкасына негиз салган. СССР эл артисти (1938), Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945). Маскөө филармониясында жана Петербург консерваториясында окуган. Анын туңгуч операсы «Лейли-Мажнун» (1908) азербайжан музыкасына жаңы багыт берген. Ал «Рустам-Зухраб»(1910), «Асли-Керем» (1912),«Көр уулу» (1937) операларын, «Эрди-катын» (1909),«Аршын мал алан» (1913) музундугу комедияларын, Азербайжан ССР мамлекеттик гимнинин музыкасын (1945) жазган. Композитор кантаталары, увертюралары менен азербайжан симфониялык музыкасыназор үлүш кошкон, азербайжан эл аспаптар оркестри үчүн ыр, хор жана башка чыгармаларды жараткан. СССР Жогорку Советинин 1-2шайланышынын депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Аршын мал алан» музыкалык комедиясы ийгилик менен коюлган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.