Убакыт алкагы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:
- Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)
Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.
- Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.
Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.
Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).
UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.