From Wikipedia, the free encyclopedia
Тотулар (лат. Psittaciformes) - куштар дын бир түркүмү.
Уз. 9,5 смден 1 мге жетет. Тотулардын денеси чымыр келип, өңү ар кандай ачык түстө (Кызыл, көк, жашыл). Тумшугужоон, жазы, күчтүү жана учу илмекей келип, даракка чыкканга көмөк берет. Канаттары күчтүү жана кыска. Буту кыска, 4 манжасынын экөө артын, экөө алдын карайт. Кээ бири учпайт. Тотулар 1 тукумга бириккен 316 түрдөн турат. Эң көп түрү тропик менен субтропикте кездешет. Уяларын даракка же аскаларга салып, 2-5, кээде 8ге чейин ак жумуртка тууйт, 18-30 күнчө басат. Тотулар ар кыл өсүмдүк даны, уругу, мөмөсү менен азыктанат, кай бири курт-кумурска жейт. Тотулардын кээ бир түрү үйдө (тордо) кооздук үчүн асыралат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.