![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/94/Tatra_from_space.jpg/640px-Tatra_from_space.jpg&w=640&q=50)
Татра
From Wikipedia, the free encyclopedia
Татра – Карпаттагы эң бийик тоо массиви, Польша менен Словакиянын аймагында. узундугу 65 км. Вийиктиги 2655 мге чейин (Герлаховски-Штит чокусу). Гранит жана акиташ тегинен түзүлгөн. Кырына альп рельефи мүнөздүү; карст үңкүрлөрү, тоо көлдөрү бар. Капталдарын ийне жалбырактуу токой (1500 мге чейин), ийри өскөн бадалдар (1900 мге чейин), андан жогору альп шалбаасы ээлейт. 1948-жылы Татра улуттук паркы уюшулуп, 1993-жылдан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Рекреациялык ресурстарга бай. Too лыжа спорту жана туризм (Закопане, Попрад шаары) өнүккөн.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/94/Tatra_from_space.jpg/640px-Tatra_from_space.jpg)