From Wikipedia, the free encyclopedia
Сыра — кермек даамдуу, алкоголу аз, аромат жыттуу, көбүктүү суусун. Ал арпа угуту, кулмак жанa суу аралаштырылган ширеге спирт кошуп ачытуу жолу менен даярдалат.
Сыранын айрым сорту үчүн арпа угутунун ордуна күрүч, жүгөрү, арпа уну же шекер алынат. Сыра — сергитүүчү, чаңкаганды кандыруучу суусун. Сырада сортуна жараша 4—10% бат сиңимдүү зат, негизинен углевод, азыраак амин кислота, белок жанa минерал заттар болот. Мындан тышкары 1,8—6% спирт, 0,3—0,4% көмүр кычкыл газы, орг. кислота, ачуу жанa кермек даам, о. эле түс беруучу заттар бар. Сыра жасап чыгаруу технологиясы негизинен төмөнкү процесстерден турат: арпадан угут өндүрүү; сыра ширесин алуу жанa аны сыра ачыткысы менен ачытуу; ачытууну жетилтуу; чыпкалоо жана идишке куюу.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.