Словак тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Словак тили - негизинен Словакияда жашаган словактардын тили.
Славян тилдеринин батыш тобуна кирет. Үч диалектиси бар: батыш словак, орто словак, чыгыш словак. Түзүлүшү жагынан көбүнчө чех тилине, аздап түштүк славян тилдерине жакын. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн.
15-16-кылымдардагы жазма эстеликтери белгилүү. Азыркы адабий тилине 19-кылымдын 40-жылдары негиз салынган.