From Wikipedia, the free encyclopedia
Роза гүлдүүлөр (лат. Rosaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөр. Жалбырагы, көбүнчө жан жалбырактуу, кезектешип жайгашкан. Гүлү айрым жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Гүл коргону, көбүнчө 5 мүчөлүү, аталыгы көп. Мөмөсү – кутуча, алма, данек ж. б. Айрым колдо өстүрүлгөн Роза гүлдүүлөрдүн мөмөсү уруксуз жана партенокарптуу. Жер бетинде 115ке жакын уруусу, 3000ден ашык түрү Түндүк жарым шардын мелүүн жана субтропиктеринде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 55тей уруусу, 700дөн ашык түрү, Кыргызстанда 134төй түрү кездешет. Роза гүлдүүлөргө мөмө дарактар [алма, алмурут, бий алма (айва), чие, өрүк, шабдаалы, кара өрүк ж. б.], жемиштүүлөр (дан куурай, кулпунай, кожогат, бүлдүркөн ж. б.), кооз өсүмдүктөр (роза, спирея ж. б.) жана дары-дармек өсүмдүктөр (долоно, ит мурун ж. б.) кирет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.