![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/Yangon_montage.png/640px-Yangon_montage.png&w=640&q=50)
Рангун
From Wikipedia, the free encyclopedia
Рангун, Янгон – Мьянмадагы ири шаар жана экономикалык борбор (2005-ж. чейин анын борбору болгон; Нейпьидого көчүрүлгөн).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/Yangon_montage.png/640px-Yangon_montage.png)
Климаты тропиктик, пассаттык. Майдан ноябрга чейин жаан жаайт. Орт. температурасы апрелде 37°С, январда 25,1°С. Жылдык жаанчачыны 2680 мж. Калкы 6,7 млн (2012). Иривади дарыянын дельтасындагы дениз жана дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, текстиль жана тигүү, жыгач, кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, фармацевтика ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет, музейлер бар. 1755-ж. чейин алгач Оккала, андан кийин Дагон аталган. 1852-ж. Улуу Британия басып алган. 1862-1948-ж. Бирмадагы Британия ээлиги. Шуэдагоун (борбордук ступасы б. з. ч. 6-кылымда, 14-18-к. кайра айланасындагы курулуштар 19-20-кылымда курулган) маданий комплекси салынган. Синагога бар.