![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c6/Montage_Pittsburgh.jpg/640px-Montage_Pittsburgh.jpg&w=640&q=50)
Питсбург
From Wikipedia, the free encyclopedia
Питсбург – АКШнын түндүк-чыгышындагы шаар. Пенсильвания штатында. Калкы 305,7 миң (2010; борбордук агломерация менен 2,3 млн). Огайо дарыясындагы (өлкөдөгү Эң ири; жылына 30 млн т жүк ташылат) порт. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын ири соода-финансы жана оор өнөр-жайынын (кара жана түстүү металлургия, оор машина куруу) маанилүү борбору. Электр-техникалык, радиоэлектроника, станок куруу, айнек-карапа, химиялык, полиграфиялык, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, Карнеги институту, сүрөт галареясы бар. Питсбургга жакын жерден таш көмүр казылып алынат. АКШдагы алгачкы АЭС курулган. Зоопарк уюштурулган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c6/Montage_Pittsburgh.jpg/640px-Montage_Pittsburgh.jpg)