Перигелий
From Wikipedia, the free encyclopedia
Перигелий (Perihelion) – Күндүн айланасында айлануучу асман телолорунун орбитасынын Күнгө эң жакын чекити. Жердин борборунан Күнгө чейинки Перигелий аралыгы 147 млн. км.
Перигелий аргументи – орбитанын перигелийинен чыгуучу түйүндөн тартып эсептелүүчү бурч аралыгы. Ал орбитанын тегиздигинде асман телосунун кыймыл багыты бонча эсептелинет жана 0дөн 360о ка чейинки маанини алат.