Панама
From Wikipedia, the free encyclopedia
Панама, Панама Республикасы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Панама мойногунун жээгинде жайгашкан. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Колумбия, батышынан Коста-Рика менен чектешет. Түндүгүнөн Кариб деңизи, түштүгүнөн Тынч океан чулгайт. Аянты 75,4 миң км2. Калкы 3,4 млн (2011), элинин негизин панамалыктар түзөт. Ошондой эле түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында индейлер, чибча (гуйами, куна ж. б.), түштүк-чыгышында чоколор (амбера ж. б.) жашайт. Динге ишенгендери – католиктер. Протестанттар да бар. Расмий тили – испан тили. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 72 жаш, аялдарыныкы - 78. Төрөлүүнүнүн денгээли орточо (1000 кишиге 24,1), өлүм-житим төмөн (1000ге 4,8, жаш балдарыныкы жогору, 1000ге 16,0). Административдик- аймактык жактан 9 провинцияга бөлүнөт. Борбору – Панама шаары Шаар калкы 73%. Ири шаарлары: Колон, Бальбоа, Панама. Акча бирдиги – АКШ доллары. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010).