Оң канат
From Wikipedia, the free encyclopedia
Оң канат – кыргыз элинин 15–16-кылымдарда калыптанган этносаясий түзүлүшүнүн бир бутагы жана уруулук бирикмеси. Ферганалык молдо Сейф-Ад-Дин Аксыкентинин "Тарыхтар жыйнагы" ("Мажму ат-таварих") кол жазмасында кыргыздар Оң канат, Сол канат, Булгачы (Ичкилик) уруулук бирикмелеринен тургандыгы көргөзүлгөн. Оң канат: Адигине, Тагай, Муңгуш бутактарына бөлүнгөн.