Сазчы куну
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сазчы куну (лат. Myocastor coypus) - кемирүүчүлөр түркүмүндөгү жаныбар.
Келестерге окшош. Уз. 60, куйругу 45 см, салм. 12 кгга жетет. Тумшугу кыска, жыт сезгич муруту бар, жакшы кемирет, арткы бутунун манжалары жаргакчалар менен бириккен. Териси баалуу.
Закавказье жана Түштүк Тажикстанда кездешет. Сазчы куну дарыянын саздуу, көлдүн бал камыштуу, жекендүү жээктеринде 8-10 жыл жашайт. Сууда жакшы сүзөт, чумкуйт, суу өсүмдүктөрү, моллюскалар менен азыктанып, ийинге 1-12 бала тууйт.