From Wikipedia, the free encyclopedia
Норфолк аралы, Норфолк аралдар аймагы Жаңы Зеландиядан түндүктө, Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 34,6 км2. Калкы 2,1 (2009). Борбору – Кингстон (калкы 1100). Климаты мелүүн деңиздик, субтропиктик климатка өтмө. Суу астындагы Норфолк кырка тоосундагы жанар тоонун чокусу аралдын бетине чыгып турат. Ал тоонун эки капталында Жаңы Каледония жана Түштүк-Фижи терең океан оёңдору созулуп жатат. Рельефи дөңсөөлүү келип, түзөң. Аралдын эң бийик жери Маунт Бейтс чокусу (бийиктиги 319 м). 1788-жылдан 1814-жылга чейин жана 825–55-жылдарда англиялыктар сүргүн жай катары пайдаланышкан. Питкерн аралынан 1856-жылыАКШга таандык «Баунти» кемесинин козголоңчулары келип отурукташкан. Норфолк аралы 1913-жылдан Австралиянын ээлиги жана анын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ болгон. Аралдын башчысы кагаз жүзүндө Улуу Британия королевасы, бирок Австралия генерал-губернатору дайындаган администратор башкарат.
Норфолк аралы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Расмий тили | англис тили, норфолк тили | ||||
Борбор шаары | Кингстон (де юре) Бёрнт-Пайн (де факто) | ||||
Ири шаарлар | Бёрнт-Пайн | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия Австралиянын тышкы аймактар | ||||
Король Генерал-губернатор Аралдын администратору | Чарльз III Дэвид Хёрли Гари Хардгрэив | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы | 226-орун - дүйнөдө 34,6 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 2188 адам (241-орун) 50,52 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .nf | ||||
ISO коду | NF | ||||
Телефон коду | +6723 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +11:30 | ||||
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.