From Wikipedia, the free encyclopedia
Ниамей – Нигер Республикасынын борбору, шаар; Ниамей департаментинин административдик борбору. Өлкөнүн түштүк-батышында, Нигер дарыясынын сол өйүзүндө,деңиз деңгээлинен 163 м бийиктикте жайгашкан. Климаты субэкватордук. Жылдык орточо температура 25˚С, жаан-чачындын саны 400–700 мм. Калкы 980 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. 19-кылымдын аягында негизделген. 1926–60-жылы Нигердеги француздук ээликтин административдикборбору. Нигер көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору (1960). Университет, калк китепканасы, Улуттук жер жаңгак коому, чоң мечит, элдик каада-салтты жазуу борбору, Геология бюросу, Тропиктик токойчулуктун техникалык борбору, Тропик агрономия институту бар. Кол өнөрчүлүк (тери ашатылат, карапа, алтындан жана күмүштөн баалуу буюмдар жасалат) өнүккөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.