![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f9/Namangan_Airport.jpg/640px-Namangan_Airport.jpg&w=640&q=50)
Наманган
From Wikipedia, the free encyclopedia
Наманган - Өзбекстандагы шаар. Наманган вилоятынын административдик борбору. Фергана өрөөнүнүн түндүк-батышында, Чаткал жана Курама тоолорунун этегинде жайгашкан. Республиканын борбору Ташкенттен 305 км. Калкы 428,0 мин (2010). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Темир жол бекети. Өзбекстандын ири индустриялуу борбору. Жеңил (пахта тазалоочу жана башка), текстиль (накта жибек атластары; өлкөдө чыгарылган кездеменин 15%и), тамак-аш (май, консерва, шарап чыгарылат, пиво кайнатылат) өнөр жай ишканалары, химиялык, трансформатор, машина куруу заводдору иштейт. Университет, 2 институт, 10 коллеж, театр, край таануу музейи жана башка бар. 15-кылымдын аягынан белгилүү.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f9/Namangan_Airport.jpg/640px-Namangan_Airport.jpg)