Мистика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мистика (гр. mystikos – сырдуу) – негизги кереметтүү күчтөргө ишенүү түзгөн диний – идеалистик көз караш. Турмуш тажрыйбасы менен таанылган же өздөштүрүлгөн убакыттан жана мейкиндиктен сырткары, анын чегинен сырткары туруучу күчтөрдүн жана кубулуштардын өзгөчө түрүнүн болушун таануу, ошондой эле алардын адамга жана коомго болгон таасири, мындан ушул күчтөргө жана кубулуштарга карата өз алдынча культтук (сыйынуу) аракеттер келип чыккан.