Бугу (лат. Cervus elaphus, L. 1758) — чулу мүйүздүү кийиктердин бир асыл түрү, мунун эркегин - бугу, ургаачысын - марал дейт. Буту узун, куйругу кыска, ача мүйүздүү; өркөчүнөн бийиктиги 60–105 см. Бугунун 12–13 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө анын 6 түрү (сыпайы бугу, чаар бугу, элик-багыш, багыш, элик жана Түндүк бугусу) кезигет. Түндүк бугусу колго үйрөтүлүп, Таймыр жарым аралында, Якутия, Сибирь жана Ыраакы Чыгышта багылат. Топ-тобу менен жашайт; Түндүк бугунун негизги тоюту эңилчек (ягель). Мүйүзү жыл сайын түшүп, кайра чыгат. Чаар бугунун (көбүнчө жашынын) мүйүзүнөн дары (пантокрин жана башка) жасалат. Анын айрым түрүнүн эти, териси, мүйүзү мааниге ээ. Эркегинин тирүүлөй салмагы 105–180 кг, маралыныкы 80–120 кг. Жапайы бугу Ысык-Көл, Нарын областтарында бар. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Red deer | |
Эркеги (бугу) | |
Ургаачысы (марал) | |
Коргоо абалы | |
---|---|
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Animalia |
тиби: | Chordata |
классы: | Mammalia |
түркүмү: | Artiodactyla |
Suborder: | Ruminantia |
тукуму: | Cervidae |
тукумчасы: | Cervinae |
уруусу: | Cervus |
түрү: | C. elaphus |
Биноминалдык аталышы | |
Cervus elaphus Linnaeus, 1758 | |
Reconstructed (light green) and recent (dark green) range of the red deer (Cervus elaphus) |
Колдонулган адабияттар
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Шилтемелер
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.