![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a4/Kyrgyz_Manaschi%252C_Karakol.jpg/640px-Kyrgyz_Manaschi%252C_Karakol.jpg&w=640&q=50)
Манасчы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a4/Kyrgyz_Manaschi%2C_Karakol.jpg/320px-Kyrgyz_Manaschi%2C_Karakol.jpg)
«Манасчы» деген сөз Октябрь революциясынан кийин пайда болуп, терминдик маани алган. Айрым жазма адабияттарда жана карыялардан жыйналган оозеки маалыматтарга караганда, Октябрга чейин, ошондой эле Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да «манасты» айткан адамдар эл ичинде «ырчылар», «жомокчулар» деп жалпы ат менен аталышкан.
«Манасчы» деп адатта эпостун биринчи бөлүмүн («Манас») же үч бөлүмдү («Манас», «Семетей», «Сейтек») тең толук айткандар.
Эң биринчи манасчы жөнүндө такталган маалымат жок. Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын.
Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам молуктуруп зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат.
Дастанда чагылдырылган тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.
Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартыпөзү көбү болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет, Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса, көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат деп айтууга негиз бар.
Ошондой эле кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул. Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.
Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат.
Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.