Манагуа
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Манагуа – Никарагуа Республикасынын борбору, шаар. Шаар айланасы менен өзүнчө административдик бирдикти – Манагуа улуттук округун түзөт (калкы 1,8 млн). Тынч океандан 45 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 60 м бийиктикте. Манагуа көлүнүн жээгинде, тектоникалык депрессия зонасында (катуу жер титирөөлөр болуп турат) жайгашкан. Калкы 927,2 миң (2010). Панамерика шоссесиндеги ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, тамак-аш, химиялык, булгаары–бут кийим, цемент, нефть ажыратуу өнөр жай ишканалары иштейт. Манагуа Борбордук Америкадагы илим менен билимдин түштүк борбору. Университеттер, Философия улуттук, География жана тарых академиялары, илимий коомдор, музейлер (анын ичинде улуттук, революция ж. б.), улуттук архив жана парк бар. Барокко стилиндеги Эстелик ак сарайы, муниципалдык собор сакталган. Калган курулуштары соңку мезгилге туура келип, бир кабаттуу; жер титирөөгө туруктуу имараттар салынган.
Манагуа испандар тарабынан 16-кылымда негизделген. 1823-жылдан 1838-жылга чейин Борбордук Америка кошмо провинциясынын федерация курамына кирген. 1846-жылы шаар статусун алган. 1858-жылдан Никарагуанын борбору. Шаар бир нече жолу табигый кырсыктарга (1972-жылы жер титирөөдөн, 1998-жылы Митч ураганынан) учурап, кайра калыбына келтирилген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.