Малайзия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Малайзия (мал. Malaysia), ырасмый аталышы – Малайзия Федерациясы (мал. Persekutuan Tanah Malaysia) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүк-Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу индонезиялык Суматра аралынан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 млн (2011). Борбору – Куала-Лумпур (улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор, парламенттин келүүчү жайы жана монархтын резиденциясы). Малайзиянын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган административдик борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – малайзия ринггити.
Малайзия | |||||
| |||||
Урааны: «Bersekutu Bertambah Mutu» «Биримдик – күч» | |||||
Гимн: «Negaraku (Өлкөм менин)» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 31-август 1957-ж.
( Улуу Британиядан) | ||||
Расмий тили | малайча | ||||
Борбор шаары | Куала-Лумпур | ||||
Ири шаарлар | Куала-Лумпур, Джохор-Бару, Ипох, Кучинг | ||||
Башкаруу формасы | шайлануу парламенттик монархия | ||||
Жогорку башкаруучу | Абдулла II | ||||
Мам. дини | ислам
| ||||
ISO коду | MY | ||||
ЭОК коду | MAS |
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009) Малайзия – БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).