![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/4b/Mauritius_%2528orthographic_projection_with_inset%2529.svg/langky-640px-Mauritius_%2528orthographic_projection_with_inset%2529.svg.png&w=640&q=50)
Маврикий
From Wikipedia, the free encyclopedia
Маврикий (англ. Mauritius, фр. Maurice), Маврикий Республикасы (Republic of Mauritius; République de Maurice) – Инди океанынын батыш бөлүгүндөгү мамлекет; Африканын түштүк-чыгышында. Маврикий, Родригес (Маскарен аралынын бир бөлүгү), Агалега, Каргадос-Карахос (же Сент-Брандон) ж. б. чакан аралдарда жайгашкан. Аянты 2,04 миң км2. Калкы 1,3 млн (2011). Борбору – Порт-Луи. Административдик жактан 9 округга (Маврикий аралында), автономия аймагына (Родригес а.) жана баш ийген 2 аймакка (Агалега жана Каргадос-Карахос) бөлүнөт. Акча бирдиги – маврикий рупийи.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/77/Flag_of_Mauritius.svg/640px-Flag_of_Mauritius.svg.png)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/4b/Mauritius_%28orthographic_projection_with_inset%29.svg/320px-Mauritius_%28orthographic_projection_with_inset%29.svg.png)
Административдик-аймактык бөлүнүшү (2010): Маврикий – БУУга (1968), Ынтымакташтыкка (1968), ЭВФке (1968), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкына (1868), Африка союзуна (2002-жылга чейин Африка Биримдиги уюму; 1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.