From Wikipedia, the free encyclopedia
Лемурлар (Lemuridae) – приматтар түркүмүндөгү чала маймылдар тукуму. Дене узундугу 13–25 смден (кидик лемурлар) 50 смге (кыска лемурлар) жетет. Арткы буттары алдынкысынан узунураак, тырмактуу. Жүнү калың, кара, күрөң, боз же саргыч, куйругу бир түстө, кээде туурасынан кеткен ачык жана кочкул жүндөрү болот. Тумшугу узун, тиши 36, кээде 32, 4–5тен муруту, 1–2 жуп сүт бездери (желини) бар, көзү чоң. Түнкүсүн жана күүгүмдө, кээде күндүз азыгын издейт. Кургакчыл жылдары 2 түрү чээнге кирет. Тропик токойлорунда жашайт. Дарак бутагында, жерде тобу же үйүрү менен, жалгыздан жана жубу мн жүрүшөт. Жыгач бактарына жалбырактан , чөптөн уя жасайт. 1–3 тү (кээде 4) тууйт. Тукумуна эркеги да, ургаачысы да кам көрөт. Ылгабай азыктанат, курт-кумурска, майда жаныбарларды, өсүмдүк мөмөсү менен уругун жейт. Лемурлардын 6 урууга кирген 14 түрү бар. Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.