Ла-Плата ойдуңу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ла-Плата ойдуңу - Түштүк Америкада, Парана дарыясын бойлой жатат; Бразилия, Парагвай жана Аргентинада. Түндүктөн түштүккө 2300 км созулат, туурасы 900 кмдей. Пантанал, Гран-Чако, Пампа, Эки суу арасы ойдуңдарын камтыйт. Жайы нымдуу, тропик климаттуу түндүк бөлүгүн сейрек токой жана саз, нымдуу субтропиктик түштүгүн прерия жана талаа ээлейт.