From Wikipedia, the free encyclopedia
Көк-ирим тоосу – Ички Теңир-Тоодо, Тогуз-Торо жана Кетмен-Төбө ойдуңдарынын аралыгында. Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде. Узундугу 60 км, эң жазы жери 38 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4351 м (Байдамтал). Нарын капчыгайынан Капка ашуусуна чейин созулат. Кембрий, девон, ордовиктин кумдук, сланец, акиташ ж. б. тектеринен түзүлгөн. Ортосу бийик жана аскалуу, батыш жагы жапыз, түштүгүндө кууш жана терең капчыгайлар бар; түндүк-чыгышына үстү тегиз тоо айрыктары мүнөздүү (Кызыл-Татыр, Турук, Ак-Башат). Мөңгүлөр тоонун ортоңку бөлүгүнүн түндүк бийик беттеринде. Нарын капчыгайына караган тарабы кургак келип, батышы нымдуу, бадал жана дарак өсүмдүктөрү өсөт. Түштүк беттерине талаа (1400—2000 м), бадал аралаш токой жана шалбаа (2000—3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000—3900 м), түндүк капталына талаа (1600—2400 м), шалбаа жана майда бадал (2400—2900 м), субальп, альп (2900—4000 м), ал эми тоо чокуларына нивалдык ландшафттар мүнөздүү.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.