Кыргыз адабияты
From Wikipedia, the free encyclopedia
Көркөм сөз өнөрү жаралыш өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки чоң бөлүктөн турат:
1) элдик оозеки чыгармачылык, башкача айтканда фольклор; 2) жазма адабият.
«Адабият» түшүнүгү араб тилинен кирген «адеп» («адаб») сөзү менен байланыштуу. Ал адамдарды жакшы мүнөз, жүрүмтурумга багыттоочу, турмуш сырларын түшүндүрүү максатында жаралган чыгарма деген маанини берет. Бул сөз айрым тилдердегидей (мисалы, литература — literatura (тамга) деген латын сөзүнөн келип чыккан) түздөн-түз «тамга», «жазуу» түшүнүктөрүнө байланышпагандыктан, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөндөрдө элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн да көп учурларда эл адабияты, калк адабияты, оозеки адабият деп аташат. Ошентсе да, «адабият» бүгүнкү күндө, негизинен, жазма адабий чыгармачылык түшүнүгүн берүүчү термин катары колдонулат.