From Wikipedia, the free encyclopedia
АсУКыргыз Республикасынын Өкмөтү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы. Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.
Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишинде Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында өз иши үчүн жоопкерчиликке жана отчет берүүчүлүккө негизденет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык төмөнкү ыйгарым укуктарын ишке ашырат:
Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
Өкмөттүн курамына министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет. Өкмөт Премьер-министрден, биринчи вице-премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
Түзүмү жана курамы Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
Кызмат орду | Сүрөтү | Аты жөнү | Партиясы | Кызматка келген күнү | |
---|---|---|---|---|---|
Премьер-министр |
Улукбек Марипов | 3-февраль, 2021 | |||
Вице-премьер министрлер | |||||
Биринчи вице-премьер-министр | Артём Новиков | 3-февраль, 2021 | |||
Вице-премьер-министр -
экономика жана финансы министри |
Улукбек Карымшаков | 3-февраль, 2021 | |||
Министрлер | |||||
Өкмөт аппаратынын жетекчиси — Министр | Женишбек Асанкулов | 3-февраль, 2021 | |||
Коргоо министри |
Таалайбек Омуралиев | 3-февраль, 2021 | |||
Тышкы иштер министри |
Руслан Казакбаев | 3-февраль, 2021 | |||
Ички иштер министри | Улан Ниязбеков | 3-февраль, 2021 | |||
Юстиция министри | Асель Чынбаева | 3-февраль, 2021 | |||
Энергетика жана өнөр жай министри | Кубанычбек Турдубаев | 3-февраль, 2021 | |||
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри |
Аскар Жаныбеков | 3-февраль, 2021 | |||
Транспорт, архитектура, курулуш
жана коммуникациялар министри |
Гулмира Абдралиева | 3-февраль, 2021 | |||
Өзгөчө кырдаалдар министри | Бообек Ажикеев | 3-февраль, 2021 | |||
Билим берүү жана илим министри | Алмазбек Бейшеналиев | 3-февраль, 2021 | |||
Саламаттык сактоо жана
социалдык өнүктүрүү министри |
Алымкадыр Бейшеналиев | 3-февраль, 2021 | |||
Маданият, маалымат, спорт жана
жаштар саясат министри |
Кайрат Иманалиев | 3-февраль, 2021 | |||
Мамлекеттик комитеттер | |||||
Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Камчыбек Ташиев | 3-февраль, 2021 |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.