Кызматтагы махабат
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
"Кызматтагы махабат" (орус. Служебный роман) - советтик көркөм тасма, эки сериядан турган лирикалык трагикомедия. Режиссеру - Эльдар Рязанов. Тасма 1977-жылы "Мосфильм" киностудиясында тартылган; 58 млн киши көрүп, 1978-жылдагы прокаттардын алдыңкысы болгон.
1979-жылы РСФСРдин "Бир тууган Васильевдер" атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган.
1971-жылы дайымкы авторлошу Эмил Брагинский менен биргеликте экинчи бөлүгү "Туугандар" (орус. Родственники) болгон дилогиянын биринчи бөлүгү -"Кызматташтар" пьесасын жазган.
Оюн ошол эле жылы Москвада Вл. Маяковский атындагы Театрда, Ленинграддагы Комедия театрында, кийин ондогон правинциалык театрларда коюлган. "Кызматташтар" бардык жерде ийгиликтүү болуп, Эльдар Рязановду пьесанын негизинде тасма тартууга шыктандырган. Бирок, өзүнүн айтышынча буга түздөн-түз комедиянын ийгиликсиз телепостановкасы түрткү болгон.
Тасманын бет ачары 1977-жылы 26-октябрда Москвада болгон; "Кызматташтар" дароо популярдуу советтик тасмалардын бири болуп чыга келген. Тасма 1979-жылы РСФСРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.