From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыдырша - ичкиликтер (Булгаачылар) уруулук тобундагы байыркы ири уруулардын бири. Кыдыршалар - Булгаачылар уруулук тобунда Сейф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат- Таварихинде» (16-к.) эскерилет. Этнонимдин параллелдери кыргыздын кесек уруусунда жана ферганалык кыпчактардын курамында бар. Кыдыршалар кыргыздын эл болуп түптөлүшүнө орчундуу роль ойногон уруулардын бири. Элдик уламыштардын маалыматтарына караганда, кыдыршалар кыргыз тектүү уруулардан болору баяндалат. Өзбекстандын Анжиян Маргулан облусунун аймагында Кыдырша этнотопоними бар экендиги маалым.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.