![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a6/Krasnoyarsk_in_Russia.svg/langky-640px-Krasnoyarsk_in_Russia.svg.png&w=640&q=50)
Краснояр крайы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Краснояр крайы – Россия Федерациясынын Азия бөлүгүндөгү субъектиси. Чыгыш Сибирдин борбордук бөлүгүндө, Енисейдин алабында жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) жана Лаптевдер деңиздери чулгайт. Край Түндүк Жер, Норденшельд архипелагдарын жана бир нече аралды да камтыйт. Анын курамына Таймыр (Долган-Ненец) жана Эвенк райондору (өзгөчө статуска ээ) кирет. Аянты 2366,8 миң км2. Калкы 2,9 млн (2008). Административдик аймактык жактан 48 районго бөлүнөт. Красноярск крайында 23 шаарча, 41 шаар бар. Борбору – Красноярск шаары Сибирь федерация округунун курамына кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы крайдын 1996-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат. Табияты адамдын жашоосуна эң четки түндүктө (Таймыр жарым аралында) жагымсыз болсо, түштүгүндө жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлыктан өтө курч абалга чейин жетет. Ал жер-суунун, абанын комплекстүү бузулушуна, тоңдун аракетинен топурактын жакырданышына, жер алдында ядролук жардыруулардын кесепетине байланыштуу. Красноярск, Ачинск, Канск шаарынын айланасы өтө булганган. Край Россияда 1980-жылдан атмосфераны зыяндуу заттар менен булгоо боюнча 1-орунда турат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a6/Krasnoyarsk_in_Russia.svg/640px-Krasnoyarsk_in_Russia.svg.png)