![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bc/Flag_of_Costa_Rica_%2528state%2529.svg/langky-640px-Flag_of_Costa_Rica_%2528state%2529.svg.png&w=640&q=50)
Коста-Рика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Коста-Рика, Коста Рика Республикасы – Борбордук Американын түштүк бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүк-чыгышынан Кариб деңизи, батышы менен түштүгүнөн Тынч океан менен чулганат (деңиздик чек арасынын узундугу 1290 км).Түндүгүнөн Никарагуа, түштүк-чыгышынан Панама менен чектешет (кургактыктагы чек арасынын жалпы узундугу 639 км). Коста-Рикага Тынч океандагы Кокос аралы да таандык.Аянты 51,1 миң км2. Калкы 4549,9 миң (2008). Борбору Сан-Хосе. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги коста-рика колону. Административдик-аймактык жактан 7 провинцияга, алар өз ичинен 68 кантоног бөлүнөт. Коста-Рика – Бириккен Улуттар Уюмуна (1945), Эл Аралык Валюта фондуна (1946), Эл аралык өнүгүү жана реконструкция банкына (1946), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1948), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө. Мамлекеттик түзүлүшү. Коста-Рика – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949ж. 7-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 4 жылга (кайра шайланууга укуксуз) шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея), 57 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин министрлер кабинетинин жардамы менен президент жүзөгө ашырып, министрлерди дайындайт. Коста-Рикада көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук боштондук партиясы, Жарандык аракет партиясы, Боштондук кыймыл партиясы, Социал-христиандык биримдик партиясы.
Коста-Рика | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Файл:Costa Rica (orthographic projection).svg и LocationCostaRica.svg | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 15-сентябрь 1821-жыл
( Испаниядан) | ||||
Расмий тили | испанча | ||||
Борбор шаары | Сан-Хосе | ||||
Ири шаарлар | Сан-Хосе, Лимон, Алахуэла, Пунтаренас, Эредия | ||||
Башкаруу формасы | Президенттик республика | ||||
Президент Вице-президент Вице-президент | Родриго Чавес Роблес Стефан Брюннер Мари Муниве | ||||
Мам. дини | Католицизм | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 125 чи - дүйнөдө 51 100 км² 0,7 | ||||
Калкы • Бааланган ([[|]]) • Жыштыгы | ▲5 097 988 адам (123-чү) 100 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2019) | ▲0,794 (жогору) (68-чи) | ||||
Этнохороним | коста-рикалык, коста-рикалыктар | ||||
Акча бирдиги | Колон (CRC) | ||||
Домени | .cr | ||||
ISO коду | CR | ||||
ЭОК коду | CRC | ||||
Телефон коду | +506 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -6 |